Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Кыргызстан бүгүн аза күтүп жатат
19.09.2022 | 08:53
Бүгүн, 19-сентябрь – Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү.
14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, дагы 144 киши жараат алды. Аймактан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлдү.
Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.
Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү таратып, “Тажикистан Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине чыккынчылык менен кол салды”, деп билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом