Кыргызстан чет жакка 1 млрд 64 млн долларга алтын сатты

Кыргызстан чет жакка 1 млрд 64 млн долларга алтын сатты

Кыргызстан чет жакка 1 млрд 64 млн долларга алтын сатты. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан быйыл 11 айда чет жакка 13,8 тонна алтын саткан. Анын ичинен 10 тоннадан ашыгы Улуу Британияга экспорттолуп, баасы 870,6 млн долларды түзгөн. Дээрлик эки тоннаны 129,4 млн долларга Кытай сатып алган. Алтын экспорттолгон өлкөлөрдүн катарында Швейцария, Бириккен Араб Эмираттары бар.

Сатылган алтындын 1 тоннасынын орточо баасы 5 миң 786,7 долларды түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>