Кыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк туристтик рынокто Кыргызстанды кантип таанытуу зарыл? Европалык саякатчыны эмне менен таң калтырууга болот? Эмне үчүн өлкөгө санариптик ташуулар, мейманканалардын расмий «жылдыз» деңгээли жана жаңы тоо лыжа кластерлери керек?
Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору Адилет Жанузаков айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстандын дүйнөгө көрсөтө турган нерсеси арбын: кол тийбеген жаратылыштан жана көчмөн маданиятынан баштап, туризм тармагынын келечегин аныктай турган жаңы инфратүзүмдүк долбоорлорго чейин.
— Адилет Канатович, негизги маселеден баштайлы. Кыргызстан жакында дүйнөдөгү эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири болгон ITB Berlinге катышты. Өлкө Берлинден кандай жыйынтык менен кайтты?

— Биз үчүн бул абдан маанилүү катышуу болду. ITB Berlin — бул турист жөн гана жолдомо тандай турган жөнөкөй көргөзмө эмес. Бул — өлкөлөр өзүн тааныта турган, потенциалын көрсөтүп, жолугушууларды өткөрө турган, ишкердик байланыштарды түзүп, келечектеги образын калыптандыра турган глобалдык эл аралык аянтча.
Быйыл көргөзмөгө 180ден ашык өлкө катышты жана Кыргызстандын аты татыктуу көрсөтүлдү. Биз ал жакка жөн эле буклеттерди же роликтерди көрсөтүп коюу үчүн барган жокпуз. Бизде толук кандуу улуттук стенд, жалпы концепция жана Туризм департаменти, туроператорлор, ассоциациялар, дипломатиялык корпус менен биргеликте иштеген командалык иш болду. Бул дароо сезилди.
— Кыргызстан эл аралык аудиториянын көңүлүн эмне менен бурууга аракет кылды?
— Бүгүнкү күндө жөн гана кооз сүрөттөр менен эч кимди таң калтыра албайсың. Маани-маңыз бериш керек. Дүйнөгө эмне менен чыгып жатканыңды так түшүнүү зарыл. Бул жерде Кыргызстандын эң күчтүү тарабы — анын аныктыгы (чындыгы).
Европалык туристтер тууралуу айтсак, аларды стандарттык кымбатчылык менен кызыктыруу кыйын. Пляждар, кымбат мейманканалар, көнүмүш курорттор — көбү үчүн бул эчак эле тажатма болуп калган. Ал эми жандуу маданият, тоолор, көлдөр, жапайы жаратылыш, «жасалмаланбаган» чыныгы дүйнөнү сезүү — мына ушул нерселер кызыгууну жаратат.

Дал ошондуктан Кыргызстан дүйнөгө жасалма сүрөттү эмес, өзүнүн чыныгы болмушун: жаратылышын, өзгөчөлүгүн, көчмөн маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана жашоо образын сатышы керек.
— Демек, европалык туристтин портрети өзгөрдүбү?
— Албетте. Бүгүн бул жөн гана «эс алууну» каалаган адам эмес. Ал таасирлерди, маанини жана уникалдуулукту издейт. Ал башка жерлерге окшобогон аймакты көргүсү келет. Маданиятка тийип, атмосфераны сезип, туристтик шаблондорго салынбаган нерсени көрүүнү каалайт.
Бул жагынан Кыргызстан абдан атаандаштыкка жөндөмдүү. Бизде көптөгөн өлкөлөрдө жетишпей жаткан нерсе — алгачкы тазалык бар. Бирок аны көрсөтүү гана эмес, сактоо да керек. Анткени бул уникалдуулукту жоготуп алсак, бизде башкаларды өзгөчө таң калтыра турган эч нерсе калбайт.
— Ошол эле учурда туристке ыңгайлуулук да керек. Аныктык менен заманбап тейлөөнү айкалыштыруу мүмкүнбү?
— Мүмкүн гана эмес, зарыл. Бул биз умтула турган модель. Боз үй менен беш жылдыздуу мейманкананы бири-бирине карама-каршы коюунун кажети жок. Туристтик рынок ар түрдүү жана адамдардын талаптары да ар башка.
Бирөө боз үй лагеринде жашап, тоо арасында ойгонуп, көчмөн турмушун көрүүнү каалайт. Башкасы — ошол эле жаратылышты көрүп, бирок кечинде жакшы тейлөөсү бар ыңгайлуу номерге кайтып келүүнү каалайт. Биз эки вариантты тең сунуштай билишибиз керек. Туризм — бул биринчи кезекте тейлөө чөйрөсү. Демек, сунуш канчалык кенен жана сапаттуу болсо, өлкө рынокто ошончолук күчтүү болот.

— Бул жагынан алганда, учурда Кыргызстанда башталып жаткан инфратүзүмдүк долбоорлор канчалык маанилүү?
— Бул — негиз. Инфратүзүмсүз туризмдин системалуу өсүшү тууралуу айтуу мүмкүн эмес. Өлкөнү чет өлкөдө канчалык жарнамалабайлы, эгер адамга келүү ыңгайсыз болсо, жайгашуу кыйын болсо, түшүнүктүү логистика жок болсо — мунун баары тез эле жокко чыгарылат.
Азыр өлкөдө чоң иштер жүрүп жатат. Жолдор курулууда, туристтик жайларга баруучу жолдор өнүктүрүлүүдө, транспорттук логистика өзгөрүүдө. Бул тез эле бүтө калчу процесс эмес, анын натыйжасы дароо байкалбайт. Бирок дал ушундай нерселер келечектеги жылдарга пайдубал түзөт.
Акыркы жылдары канчалык өзгөрүүлөр болуп жатканын караңыз. Бул жол тармагына да, аймактык инфратүзүмгө да, Бишкектин тегерегиндеги пландарга да тиешелүү. Мунун баары акыры келип экономикага да, туризмге да иштейт.

— Чуулгандуу долбоорлордун бири — GoBus аркылуу ташууларды санариптештирүү. Бул туризмге эмне үчүн керек?
— Анткени заманбап турист башаламандыкка баш ооруткусу келбейт. Ал түшүнүктүү, коопсуз жана ачык-айкын тутумду каалайт. Бул туристке гана эмес, ар бир жаранга керек.
Бүгүнкү күндө бизде ташуу рыногу негизинен расмий эмес мүнөздө. Көбү жолдон унаа тосуп (попутка) кетишет, бул — реалдуулук. Бирок мындай ташууларда ар дайым суроо жаралат: коопсуздукка ким жооп берет, эсепке алуу кандай жүрөт, агым кантип көзөмөлдөнөт, акча кайда кетип жатат?
Дал ушул себептен биз рынокту санариптештирүү керек деп эсептейбиз. GoBus платформасы аркылуу адам билетти алдын ала сатып алып, QR-кодду алат, вокзалга келип, жайбаракат өз ордуна отурат. Бул жүргүнчү үчүн да, ташуучу үчүн да, автовокзал жана жүргүнчүлөрдүн реалдуу агымын көрө турган муниципалитеттер үчүн да ыңгайлуу жана ачык-айкын.
— GoBus — бул шаар аралык каттамдар үчүн ганабы же максат кененби?
— Максат кенен. Биз муну бүткүл өлкө боюнча автовокзалдар тутумуна интеграциялана турган чоң платформа катары көрөбүз. Бүгүнкү күндө шаардык мэриялар менен иш алып барылып, туташтыруу, техникалык интеграция жана төлөм чечимдери талкууланууда.
Андан сырткары, Бишкек мэриясы менен да макулдашууларыбыз бар. «Менин шаарым» тиркемеси менен интеграциялоо иштери жүрүүдө. Демек, кеп бир эле сервис жөнүндө эмес, жаңы транспорттук санариптик маданиятты калыптандыруу тууралуу болуп жатат.
— Учурда кайсы багыттар иштеп жатат?
— Азыр GoBus үч багытты тейлейт: Бишкек—Каракол, Бишкек—Талас жана Бишкек—«Манас» аэропорту. Акыркы каттам өзгөчө натыйжалуу экенин көрсөттү.
Албетте, жаңы аэропорттордун ачылышы жана ички туризмдин өнүгүшү менен жаңы багыттарга болгон муктаждык өсөт. Бирок бул жерде компаниянын мүмкүнчүлүктөрүнө, каржылык туруктуулугуна жана рынокко реалдуу карашыбыз керек. Биз идеалдуу сүрөттү тартууга аракет кылбайбыз. Ташуу рыногу оңой эмес, ал жерде атаандаштык жогору жана өзүнүн кыйынчылыктары бар. Бирок потенциал чоң.
— Туризмге кайтып келсек. Фонддо учурда кандай ири долбоорлор каралууда?
— Бизде бир нече олуттуу инфратүзүмдүк демилгелер бар. Алардын бири — жыл бою иштөөчү Baytik Mountain Resort тоо лыжа кластерин түзүү. Бул долбоор туристтер үчүн да, жергиликтүү тургундар жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн да жаңы тартуу борбору болушу керек.

Экинчи ири долбоор — Ысык-Көл облусунун Тосор айылында эл аралык спорттук борборду куруу. Биз ар кайсы өлкөлөрдүн спортчулары машыга ала турган, эл аралык жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген заманбап база тууралуу айтып жатабыз.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунда Chatkal Resort тоо лыжа кластерин өнүктүрүү каралууда. Бул жөн эле айрым демилгелер эмес, жаңы туристтик инфратүзүмдү калыптандыруу боюнча системалуу иш.
— Ал эми мындай ири долбоорлордон тышкары, «жердеги» жөнөкөйүрөөк маселелерден эмнелер маанилүү?
— Анчалык чоң көрүнбөгөнү менен, иш жүзүндө тармакка катуу таасир эткен нерселер абдан маанилүү. Мисалы, жергиликтүү дестинациялар менен иштөө, чакан демилгелерди колдоо, туроператорлор менен кызматташуу, тейлөөнү заманбапташтыруу, кол өнөрчүлүк багытын өнүктүрүү.
Биздин жергиликтүү калк абдан жигердүү. Адамдар идеяларды сунуштап, өз аймактарын өнүктүрүүнү, кызыктуу өнүмдөрдү жаратууну каалашат. Мындай демилгелерди жоготуп албай, тескерисинче, алардын бутуна туруп кетишине жардам берүү маанилүү.
— Сиз кол өнөрчүлөрдү айтып өттүңүз. Эмне үчүн бул багыт бүгүн көңүл борборунда?
— Анткени кол өнөрчүлүк — бул жөн гана сувенир эмес. Бул биздин маданий өзгөчөлүгүбүздүн бир бөлүгү. Бул — өлкө дүйнө менен абдан ынанымдуу тилде сүйлөшө турган курал.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Кол өнөрчүлөр ассоциациясы эки миңден ашык адамды бириктирет. Бул — чоң катмар. Боз үй, шырдак, кол эмгегинен жасалган буюмдарды жасоого адистешкен бүтүндөй айылдар бар. Бул жандуу салт жана аны сактап калуу эле эмес, эл аралык деңгээлге чыгаруу керек.
Биз бул багытты ЮНЕСКО, тармактык ассоциациялар жана Маданият министрлиги менен талкуулап жатабыз. Мындай калктуу конуштарды колдоо жана алга жылдыруу керектиги боюнча түшүнүк бар. Бул бир эле учурда маданият, экономика жана өлкөнүн бренди.
— Кол өнөрчү же коомчулук сизге өз демилгеси менен келе алабы?
— Албетте. Биз кызматташууга ачыкпыз. Эгерде идеялар, долбоорлор, уникалдуу продукциялар, жергиликтүү демилгелер болсо — Фондго кайрылса болот. Биз маалыматтык, коштоо жана алга жылдыруу жагынан жардам берүүгө даярбыз.
Жалпысынан айтканда, Фонд ачык аянтча болушу керек. Биз жабык кабинет режиминде отурбашыбыз зарыл. Эгер өлкөдө туризмди өнүктүрүүнү, пайдалуу нерсени жаратууну каалаган адамдар болсо, аларды угуу керек.
— Мейманканалардын мамлекеттик классификациясы жөнүндө сүйлөшсөк. Бул эмне үчүн керек?
— Бул абдан маанилүү реформа. Буга чейин «жылдыз» берүү маселеси улуттук деңгээлде иш жүзүндө жөнгө салынган эмес. Кээ бир жерлер эл аралык тажрыйбага таянса, кээ бирлери өзүн кандай туура көрсө, ошондой атап алышчу. Бирдиктүү, түшүнүктүү жана расмий тутум жок болчу.
Эми мындай тутум пайда болууда. Мыйзамдык деңгээлде өзгөртүүлөр киргизилди жана биз мейманканалардын толук кандуу мамлекеттик классификациясына карай баратабыз. Эксперттер болот, баалоо жүргүзүлөт жана «жылдыз» деңгээли расмий түрдө ыйгарылат.
Бул классикалык мейманканаларга гана тиешелүү эмес. Келечекте бул тутум конок үйлөрүн, боз үй лагерлерин жана башка жайгаштыруу объекттерин да камтыйт. Бул рыноктун ачык-айкындуулугу, туристтин ишеними жана тейлөө сапаты үчүн керек.
— Кыргызстан бул жагынан аймакта алдыңкылардын катарында баратат деп айтууга болобу?
— Ооба, муну чынында эле белгилеп кетсе болот. Бул биз үчүн жаңы институт, бирок Борбордук Азия деңгээлинде Кыргызстан азыр бул багытта системалуу түрдө кыймылдай баштаган биринчилердин бири. Демек, бизде башкаларды кууп жетүү эмес, белгилүү бир стандартты белгилөө мүмкүнчүлүгү бар.
— Дагы бир заманбап тема — туризм амбассадорлору. Мамлекетке блогерлер жана инфлюенсерлер эмне үчүн керек?
— Анткени дүйнө эчак өзгөргөн. Бүгүнкү күндө өлкөнүн образын расмий буклеттер жана көргөзмө стенддери гана түзбөйт. Аны чоң аудиторияга маани-маңызды жеткире алган адамдар түзүшөт.
Бизде абдан көп күчтүү блогерлер, контент-мейкерлер, SMM-адистер, аудиторияга таасири жана ишеними бар адамдар бар. Биз бул багыт менен системалуу иштөө зарылдыгын көрүп жатабыз. Ошондуктан азыр туризм амбассадорлору институтун түзүү маселеси каралууда. Идея — бул ресурс башаламан эмес, өлкөнү таанытуу үчүн уюшкандыкта жана кесипкөй түрдө иштеши керек.
— Кыргызстанга кызыгып, бирок келе элек чет элдик туристке бүгүн эмне деп айтмаксыз?
— Мен мындай деп айтмакмын: эгер сиз чыныгы, жандуу жана бузулбаган нерсени көргүңүз келсе — Кыргызстанга келиңиз. Бизде экзотиканы ойлоп табуунун кажети жок, ал бул жерде чыныгы. Бизде тоолор, көлдөр, талаалар, маданият, тарых, кол өнөрчүлүк, көчмөн философиясы — мунун баары жөн эле декорация эмес, өлкөнүн тирүү бөлүгү катары жашап жатат.
Жана эң башкысы — Кыргызстан бүгүн бир орунда турган жок. Биз жаратылышыбыз менен эле сыймыктанып чектелбестен, анын айланасында заманбап инфратүзүмдү, сапаттуу тейлөөнү жана турист үчүн түшүнүктүү шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Биздин стратегиябыз ушунда: аныктыкты (оригиналдуулукту) сактап калуу, бирок ага заманбап форма берүү.
Маектешкен: Владимир Банников