Кыргызстан эл аралык агрофорумга катышууда: тараптар технологияларды трансферлөө аркылуу АӨКтү заманбапташтырууну макулдашты
Ташкентте туруктуу агроэкотутумдарды түзүүгө арналган «Италия — Борбордук Азия (С5) — Азербайжан» эл аралык бизнес-форуму өттү. Иш-чарага Кыргызстандын атынан айыл чарба министринин орун басары Азамат Жээналиев катышканын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун негизги максаты — агрардык сектордогу көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Катышуучулар айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүү, Европа менен Каспий чөлкөмүнүн ортосундагы соода коридорлорун өнүктүрүү, климаттык чакырыктарды эске алуу менен туруктуу агроэкотутумдарды түзүү жана эл аралык рыноктордо айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу милдеттерди чечүүгө көңүл бурушту.
Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар биргелешкен коммюнике кабыл алышты. Документ алдыңкы технологияларды трансферлөө (өткөрүп берүү), туруктуу дыйканчылык чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар, «жашыл» тажрыйбаларды жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү аркылуу агроөнөр жай комплексин (АӨК) сапаттуу заманбапташтыруу боюнча тараптардын ниетин бекитет.
Форумдун алкагында КР айыл чарба министринин орун басары Азамат Жээналиев төмөнкү жетекчилер менен жолугушууларды өткөрдү:
- Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен: агрардык секторду санариптештирүү, маалымат алмашуу жана эгиндерге мониторинг жүргүзүү, ресурстарды башкаруу үчүн санариптик платформаларды киргизүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечеги талкууланды.
- Италиянын айыл чарба министри Франческо Лоллобриджида менен: тараптар АӨКтө биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча долбоорлорду караштырышты.