Кыргызстан FIFA рейтингинде 95-орунду сактап калды

Кыргызстан FIFA рейтингинде 95-орунду сактап калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 95-орунду сактап калды. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын сайтында айтылат.

Учурдагы рейтинг боюнча кыргыз курамасынын топтогон упайы 1252ни көрсөтүп турат.

Алдыңкы үч курумада июль айына карата бир аз өзгөрүүлөр болду. Биринчи орунда 1746 упай менен дагы эле Белгия курамасы турат. Бразилия курамасы буга чейинки рейтингде үчүнчү катар санда турса азыр 1726 упай менен экинчи сапка көтөрүлдү.  Ал эми Франция бир сапка артка кетип 1718 упай менен экинчи оурндан үчүнчү орунга түшүп калды.

Июль айындагы жыйынтыкка ылайык, эң начар натыйжа көрсөткөн команда Чыгыш Африкадагы Бурунди курамасы. Ал 14 сапка артка кетип 148-орунга түшүп калган.

Ал эми ай ичинде жакшы натыйжа көрсөткөн Алжир курамасы болду. Ал 28 сапка жогорулап, 40-орунга көтөрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>