Кыргызстан Филиппинде өткөн таза энергия форумунда Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу презентация жасап, кызматташууга чакырды

Кыргызстан Филиппинде өткөн таза энергия форумунда Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу презентация жасап, кызматташууга чакырды

2-6-июнь күндөрү энергетика министри Таалайбек Ибраев Филиппиндин борбору Манила шаарында өткөн “Азиянын таза энергия форуму-2025” (ACEF) эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министр Ибраев форумда сүйлөгөн сөзүндө таза энергетиканы өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилеген.

“Бүгүнкү форумдун максаты, баалуулуктар жана принциптер -энергетика тармагында биздин мамлекеттик саясатыбызга абдан шайкеш келет. Олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга ээ өлкө көп жылдар бою туруктуу жана таза энергияга басым коюп келет. Өлкөбүздө өндүрүлгөн электр энергиясынын 90% га жакыны ГЭСтерден алынат жана биз ишенебиз — бул башталышы гана.

Ошондуктан гидроэнергетиканы өнүктүрүү менен катар Кыргызстан күн жана шамал генерацияларын киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Бир катар аймактарда эл аралык институттар менен кызматташтыкта пилоттук долбоорлор ишке ашырылууда.

Кыргызстан үчүн таза энергетиканы өнүктүрүү — бул жөн гана энергетикалык стратегия эмес. Бул глобалдык климаттык тең салмактуулукка, аймактын туруктуулугуна жана кийинки муундар үчүн татыктуу келечекке кошкон салым. Андыктан баарыңыздарды кызматташууга чакырабыз”, – деген ал.

Аны менен катар министр кылым долбоору “Камбар-Ата-1” долбооруна токтолуп, долбоорду ишке ашыруу боюнча форумдун катышуучуларын жана Азия өнүктүрүү банкын кызматташууга чакырган.

Мындан тышкары форумдун жүрүшүндө “Электр станциялар” ишканасынын башкы директору Алпбек Садыров кыргыз энергетикасы, ири долбоорлор жана өлкөнүн энергетикалык потенциялы боюнча презентация жасады. Анда ал ишканага караштуу ири ГЭСтерге, алардан өндүрүлгөн электр энергияга, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун негизи булактарына токтолгон.

Мындан тышкар перспективдүү ири долбоор Камбар-Ата-1 ГЭС тууралуу кененирээк маалымат берип, Энергетика министрлиги долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>