Кыргызстан Индия менен Пакистанды тынчтыкка чакырды

Кыргызстан Индия менен Пакистанды тынчтыкка чакырды

Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерде чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы чек арадагы куралдуу жаңжалдын башталгандыгына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ТИМдин расмий сайтына жарыяланды.

«Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратат. Кыргыз Республикасы тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулукту сактоого, куралдуу аракеттерден карманууга жана кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырат. Ошондой эле маселени тынч жол менен чечүүгө багытталган диалогду калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Биз эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган БУУнун резолюцияларын сактоонун маанисин баса белгилейбиз»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан эки өлкөнү жоопкерчиликке чакырып, уюмдун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салууга үндөдү.

Мындан тышкары чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдой тургандыгын жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>