Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Кыргызстан Иран-Израиль чатагы боюнча оюн билдирди
15.04.2024 | 10:08
Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуу менен карайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ал тараптарды Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.
Кыргызстан чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштайт.
Белгилей кетсек, 13-март күнү Иран Израилге 300 ашык ракета менен чабуул жасады. Израиль анын 90 пайызы жол кылынганын кабарлады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом