Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду

Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду

Бүгүн, 31-августта Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду.

Республиканын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын октябрь айында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргызстан Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын Эгемендик декларациясын кабыл алып, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жарыялаган.

Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Эгемендүүлүк майрамына карата иш-чаралар онлайн форматта өткөрүлүүдө. Тактап айтканда, борбор калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлүүдө.

Майрамдык иш-чара кечки саат 22.00дө борбордук аянтта салют менен жыйынтыкталат. Ага чеийн маданият өкүлдөрүнүн концерттик программасы болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>