Кыргызстан калдыктарды жок кылуу боюнча глобалдык демилгеге кошулду

Кыргызстан калдыктарды жок кылуу боюнча глобалдык демилгеге кошулду

Кыргызстан калдыктарды башкаруу жана экологияны коргоо жаатындагы эл аралык демилгеге кошулду. Тиешелүү документке эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров кол койду.

Бул милдеттенме декларативдүү мүнөздө болуп, юридикалык күчкө ээ болбосо да, Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алардын катарында – эл аралык тажрыйба жана технологиялар менен алмашуу, экологиялык долбоорлорго катышуу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Министрликтин маалыматына ылайык, демилге БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жооп берип, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, сарамжалдуу өндүрүш жана керектөөнү жайылтууга салым кошот. Мындан тышкары, бул кадам шаарлар менен айылдарда таштандыларды кайра иштетүү тутумун өнүктүрүп, коомдун экологиялык аң-сезимин жогорулатууга багытталган.

“Документке кол коюу – милдеттенмеси жок, бирок чоң мүмкүнчүлүктөрдү берген маанилүү кадам”, – деп белгиледи министрлик.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>