Кыргызстандын ашихара каратэ боюнча курама командасы Москвада өткөн Moscow Grand Slam IKKF 2024 эл аралык турниринде 12 медаль жеңишти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар 8 алтын жана 4 күмүш медалга ээ болушту.
Турнирге 11 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышты. Кыргызстандыктар жалпы командалык экинчи орунду ээледи.
Full contact жана кумитэ боюнча жеңүүчүлөр:
Алтын медаль уткандар жана жеңүүчүлөр:
— Анастасия Ивашова (8-9 жаш 25 кг);
— Мария Анищенко (14-15 жаш 50 кг);
— Владислав Мироненко (14-15 жаш 45 кг);
— Чыңгыз Камилов (14-15 жаш 65 кг);
— Байел Калыбеков (14-15 жаш 75 кг);
— Залкар Шаршенбеков (16-17 жаш 60 кг);
— Эрбол Бейшенбеков (16-17 жаш 70 кг);
— Адил Эгембердиев (16-17 жаш 90 кг).
Күмүш медаль уткандар жана жеңүүчүлөр:
— София Анищенко (12-13 жаш 35 кг);
— Ким Ангелина (18 жаш 75 кг);
— Руслан Рыжов (16-17 жаш 60 кг);
— Тариэл Тургуналиев (16-17 жаш 70 кг).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз