Кыргызстан быйыл картошканын импортун кыйла көбөйттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылдын алгачкы төрт айында өлкөгө 18 миң тонна тамыр өсүмдүктөрү ташылып келди. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ жогору.
Мындан тышкары, Пакистандан картошка ташып келүү кайра жанданды. Бир жылдан ашуун тыныгуудан кийин Кыргызстан Пакистандан 4 миң тонна картошка импорттоду. Орточо баасы тоннасына 513 долларды түздү. Салыштыруу үчүн, 2023-жылы Пакистандан болгону 116 тонна гана картошка келген.
Импорттун өсүшү ички рыноктогу бааларга да таасир этти. Жыл башынан бери картошканын чекене баасы 40%дан ашык кымбаттап, учурда орточо килограммы 66 сомго жетти. Бул азык-түлүк товарларынын ичинен баалардын эң тездик менен өскөн түрү болуп калды.