Кыргызстан Кувейт менен аба каттамдарын жандантты

10.09.2020 | 13:21

Кыргызстан Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Бишкек — Эль-Кувейт» багыты боюнча каттамын баштаган.

Бул каттам боюнча жумасына бир жолу бейшемби күндөрү учак учат. 

Scroll to Top