Кыргызстан Кытайга койдун жүнүн экспорттоодо

31.05.2024 | 17:30

Кыргызстан Кытайга койдун жүнүн экспорттоодо. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагында жайгашкан ишкана 6-майдан тарта Кытайга жүн экспорттоодо. Соңку 3 жумада коңшу мамлекетке 20 тоннадан ашык жүн сатылган.

Ишкана иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан, кийизден ар түрдүү буюмдарды жасайт. Аны да чет жакка экспорттойт. Ишкана койдун ак жүнүнүн килограммын 60-100 сомдон, кара жүндү 10-15 сомдон сатып алат.

[image_carousel source=”media: 210262,210261,210260″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top