Парламентте мектеп окуучуларына «смарт-кэжуал» стилинде кийинүүгө уруксат берүү сунушталдыОрусиянын мунай продуктуларынын Борбор Азияга экспорту 15,5%га өстүКазакстан кен байлыктарын издөөгө 40 млрд теңге жумшайтКыргызстан Казакстан менен чектешкен өткөрүү пункттарын жаңылайтКазакстан тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык ишин баштадыСоциалдык тармактарда УКМКга карата айтылган сын-пикирлерге видеожооп пайда болду
Кыргызстан мектеп чейин билим берүүдө Сингапурдун тажрыйбасын колдонууну көздөйт
14.04.2025 | 16:07
Кыргызстан мектепке чейинки билим берүү Сингапурдун тажрыйбасын колдонууну көздөөдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
11-апрелде министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы менен Сингапурдун мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттери онлайн түрдө жолугушушкан. Анда эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу жүргөн.
Сингапурдун системасында ар бир жаш курак үчүн өзүнчө ыкмалар колдонулат:
- 2–3 жаштагы балдар үчүн өзүнчө окутуу программасы иштелип чыккан;
- 3–6 жаштагы ар бир курактагы балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык билим берүү стратегиялары колдонулат.
Министрлик Сингапурдун мектепке чейинки билим берүү системасы дүйнөдө мыкты деп эсептелинерин, мындан улам Кыргызстан да бул ийгиликтүү тажрыйбадан үлгү алып, аны өзүнүн билим берүү практикасына ылайыктап адаптациялоону көздөп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим