АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Майыптардан акча талап кылышкан. Баткенде медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын эки кызматкери кармалды
14.04.2025 | 15:19
Баткен облусунун Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын төрагасы жана эксперти майыптык тобун аныктоо ишиндеги коррупциялык схемага шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган комиссиянын мүчөлөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенишкен.
Кылмышка шектүү катары аталган комиссиянын төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө аты аталган кызматкерлер майып жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынган.
Учурда тергөө иши уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар