Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
Кыргызстан мектептерди куруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген кредит алат
10.02.2026 | 10:01

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялады. Мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Макулдашууга ылайык, Сауд өнүктүрүү фондунан 50 млн доллар (187,5 млн сауд риалы) өлчөмүндө жеңилдетилген кредит тартылат. Кредит 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен, жылдык 1,5%дык ставкада берилет.
Алынган каражатка төмөнкүлөр курулат:
- Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана иштеп жаткан мектептерге 7 кошумча окуу корпусун куруу;
- Чүй облусунда 2 жаңы мектеп куруу.
Курула турган мектептер 150дөн 1000 орунга ылайыкталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом