Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Армениянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ален Симонян эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган документке кол коюшту. Бул тууралуу парламент кабарлады.
Иш-чарада Армениянын парламенттик достук тобунун жетекчиси Алексей Сандыков өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу сыйлыкты тапшырып жатып, кыргыз-армян парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоодо Алексей Сандыковдун салымы чоң экенин баса белгиледи.
Андан соң Төрага Ален Симонян Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына Армениянын Улуттук Жыйынынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар жана отурумдар өтчү залдарын көрсөтүп чыкты.