АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Чаткалда аары багып, бал өндүрүү боюнча социалдык долбоор башталды
27.05.2025 | 10:30
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жашаган 5 үй-бүлөгө бал челектер тапшырылып, аары багып, бал өндүрүү үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министри билдирди.
Маалыматка ылайык, бул социалдык долбоор айыл тургундарынын экономикалык абалын жакшыртуу менен катар, аарычылыкты туруктуу кесип катары жайылтууга шарт түзөт.
Программанын алкагында 5 үй-бүлөгө ар бирине 20дан, жалпысынан 100 бал челек алынып берилди. Ошондой эле аларга аарычылык боюнча кыска окуу-тренингдер дагы уюштурулган.
Долбоордун максаты аары багууну үйрөтүп, чакан ишкердикти өнүктүрүү, табигый бал өндүрүүнү жолго коюу жана үй-бүлөлөрдүн киреше табуусуна колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика