Бишкекте тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов менен Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Монирул Исламдын жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Тараптар саясат, экономика, инвестиция жана маданият тармагындагы кызматташуунун келечегин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдерди өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Талкууда, текстиль жана фармацевтика өнөр жайына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан менен Бангладеш бул тармактарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жана бири-бирине кеңеш берүү боюнча макулдашышты.
Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу долбоорлор, саясий консультациялар жана эл аралык уюмдардагы иштер талкууланды. Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга, анын ичинде министрликтердин жана бизнестин деңгээлинде кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз