Кыргызстан менен Беларусь нелегалдарды кайтаруу боюнча макулдашты

31.03.2026 | 09:58

КР Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялады.

Документ эл аралык укук нормаларына ылайык, тараптардын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандарды кабыл алууну жөнөкөйлөтүүнү, ошондой эле чыгарып салууга тийиш болгон адамдардын транзитин уюштурууну карайт.

Мындан тышкары, макулдашуу эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара негизде биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, документ КР парламенти тарабынан 2026-жылдын 5-мартында кабыл алынган жана макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top