Кыргызстан менен чек арадан табылган тоннель өзбек-казак чегинен дагы аныкталды

Кыргызстан менен чек арадан табылган тоннель өзбек-казак чегинен дагы аныкталды

Ташкент облусунда өзбек-казак чек арасында аткезчилерге таандык узундугу 310 метр жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө дары-дармектердин кезектеги партиясы Делиден (Индия) Алматыга (Казакстан) Ташкент аркылуу транзит менен жеткирилип, андан ары Түркстан облусунун Сарыагаш районунун чек арага жакын жайгашкан Достук айылына алынып келингени аныкталган. Жүк жашыруун тоннель аркылуу Ташкент облусунун Ташкент районунун Урикзор махалласына жеткирилген.

Узундугу 310 метр болгон тоннелдин бир башы Урикзор айылынын 49 жаштагы тургунунун үйүнөн чыккан. Маалым болгондой, жер астындагы өтмөк вентиляция жана жарыктандыруу системасы менен жабдылган, ошондой эле жүк ташыган арабалар жана аркандар да бар.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү делген адамдардан Индияда жасалган, 107 аталыштагы 17 048 таңгак дары-дармек алынган, анын ичинде «Альбумин», «Ремдесивир», «Меропенем» жана башкалар бар. Алардын жалпы баасы 1 миллиард сумдан ашык (80 миң долларга жакын) деп бааланууда.

Учурда иши козголуп, кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелген бир нече адам кармалды.

Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй өткөн жашыруун туннель табылды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>