Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстан менен Индия өз ара кызматташтыкты бекемдөөдө
19.08.2025 | 17:11

Бүгүн, 19-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугуушуда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланган.
Ошондой эле тараптар аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөшүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат