Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча макулдашуу ратификацияланды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы биргелешкен Smart-Ed долбоору боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Smart-Ed биргелешкен долбоорунда төмөнкүлөр каралган:
- Инклюзивдик сапаттуу билим берүүнүн инфраструктурасына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
- Инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн системанын потенциалын бекемдөө;
- Мугалимдерди даярдоого жана кайра даярдоого жана аларды жеке ноутбуктар менен камсыздоо;
- Кыргызстандагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында улуттук компоненттин окуу-методикалык комплекстерин жаңылоо жана аларды тираждоо.
Долбоорду каржылоо үчүн Глобалдык өнөктөштүктөн 15 млн доллары грант түрүндө, Ислам өнүктүрүү банкынан 250 миң доллар грант түрүндө келет. Ислам өнүктүрүү банкынан жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунан 10 млн доллар кредит түрүндө берилет.
Долбоордун жалпы суммасы 25,25 млн долларды түзөт. Пайыздык ставкасы 1,5 %, каржылоо мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 7 жыл жеңилдетилген мезгил болуп эсептелинет.