Кыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилет

05.03.2026 | 10:54

4-мартта Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) Борбордук Азиядагы регионалдык кеңсесинин директору Петар Георгиев менен жолугушту. Катышуучулар учурдагы программалардын жүрүшүн жана финансылык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар банк тарабынан каржыланган иштеп жаткан долбоорлордун ишке ашырылышын деталдуу түрдө талдап чыгышты. Министрдин орун басары көп жылдык өнөктөштүктүн туруктуу мүнөзүн белгилеп, KfW банкына республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:

  • Долбоорлордун портфелин кеңейтүү: Кыргызстандын аймактык өнүгүүсүнө багытталган жаңы демилгелерди баштоо келечеги талкууланды.
  • Кызматташтыкты диверсификациялоо (ар тараптандыруу): тараптар жаңы тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү ниетин билдиришти.
  • Инвестицияларды тартуу: ири инфратүзүмдүк жана инвестициялык объекттерге кошумча каржылоо бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
  • Жаңы инструменттер: катышуучулар өнүктүрүү максатында германдык кызматташтыктын заманбап механизмдерин колдонуу маселелерин козгошту.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР Финансы министрлигинин жана KfW өкүлдөрү жигердүү жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты. Тараптар биргелешкен программаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоону көздөшөт.

Scroll to Top