Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө болду
27.02.2023 | 08:26
27-февралда саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Как-Шаал Тоо кырка тоолорунда, Таш-Короо айылынан 50 км түштүк-чыгышты карай, Эчкили-Таш айылынан 55 км түштүк-чыгышты, Кургак айылынан 58 км түштүк-чыгышты, 60 км Эңилчек айылынан түштүк-чыгышты карай, Кең-Суу айылынан 60 км түштүк-чыгышты, Каракол шаарынан 130 км түштүк-чыгышты карай.
Калктуу конуштарда жер титирөө катуу сезилген: Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4 баллга жакын, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3,5 баллга жеткен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом