Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Кыргызгидромет 4-мартка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусунда

27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда

27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда

27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда

27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда

26-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында

26-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>