Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Кыргызстан менен Кытай биргелешип металл буюмдарын чыгаруучу завод курууну пландоодо
17.09.2025 | 13:46

Кыргызстан менен Кытай биргелешип Чүй облусунда металл буюмдарын чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, учурда завод куруу боюнча бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары жергиликтүү бийлик курулуш үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин айткан.
Соода-өнөр жай палатасы долбоорду ишке ашыруу инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана заманбап өндүрүштү ишке киргизүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика