Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө кызыкдар
15.07.2025 | 16:08
Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары менен жолукту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүк билдирди.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн статистикалык маалыматтарындагы айырмачылыктарды талкуулашкан. Ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин жеткирүү маселеси тууралуу сүйлөшүшкөн.
«Бул максаттар 2025-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Нигматович Ариповдун Ташкентте жолугушуусунда макулдашылган «Жол картасында» көрсөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу соңунда тараптар экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын дагы бир жолу тастыктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: кыргыз-өзбек, соода