Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Кыргызстан менен Пакистан кинематография жаатында кызматташат
06.10.2025 | 10:42

3-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда кинематография жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Документке Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев жана Лахор шаарындагы «Кыргызстан соода үйүнүн» президенти Шахид Хасан кол коюшкан.
Меморандумдун алкагында биргелешкен кинофестивалдарды жана кинорынктарды өткөрүү, копродукцияларды ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз тасмаларын Пакистандын аймагында көрсөтүү каралган.
Бул келишим маданий алмашууну өнүктүрүүгө, достукту бекемдөөгө жана эки өлкөнүн чыгармачыл байланышын кеңейтүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы