«Манас» аркылуу өтүүчү жол: Бишкек мэриясы талашка түшкөн трасса кайсы жерден өтөрүн көрсөттү«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт
Кыргызстан менен Пакистан медициналык билим берүү жаатында кызматташтыкты бекемдейт
28.02.2026 | 11:00

Саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен эки мамлекеттин саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда негизги көңүл Кыргызстандын медициналык окуу жайларында билим алып жаткан пакистандык студенттер үчүн окутуунун сапатын жогорулатууга бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында төмөнкү маселелер каралды:
- академиялык байланыштарды чыңдоо жана билим берүү стандарттарын өркүндөтүү;
- студенттердин практикалык даярдыгын кеңейтүү;
- эки өлкөнүн медициналык университеттери менен дарылоо мекемелеринин ортосунда кызматташууну өнүктүрүү;
- окутуучулар менен дарыгерлердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу;
- биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүү.
Жыйынтыгында эки тарап медициналык билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.