Кыргызстан менен Сауд Аравиясы экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Сауд Аравиясы экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын төрагасы Хассан Моажеб Аль-Хувайзи менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашышты. Элчи Марипов элчиликтин соңку ишмердүүлүгү жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Х.Аль-Хувайзи эки өлкөнүн кызматташтык динамикасын оң баалап, соода-өнөр жай палаталарынын өз ара байланышы келечектеги долбоорлор үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>