ToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгардыКыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдү
“Улуу күн”. Трамп Путиндин Украина боюнча сүйлөшүү сунушунан соң билдирүү жасады
12.05.2025 | 09:44
Россиянын президенти Владимир Путин 15-майда Стамбулда Украина менен алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштады. АКШ президенти Дональд Трамп бул демилгени колдоп, бул “Россия жана Украина үчүн улуу күн” болорун белгилеп, АКШ тынчтыкка жана соодага көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.
“Россия жана Украина үчүн улуу күн. Бүтпөгөн кандуу согуш аягына чыкса жүз миңдеген өмүр соолубай аман калат.
Ал үчүн эки тарап менен тең иштешүүнү улантам. Өз кезегинде АКШ кайра калыбына келтирүүгө жана соодага басым жасагысы келет. Алдыда бизди олуттуу апта күтүп жатат”, — деп жазган Трамп.
Рубрики: Жаңылыктар