Кыргызстан менен Словения ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө

20.10.2025 | 10:37

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словениянын тышкы жана европалык иштер министри Таня Файон менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Бул багытта эки өлкө ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган Кыргыз-словен өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча Биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленген

Мындан тышкары министрлер парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешкен. Бул өңүттө Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоолор тууралуу айтып, Словения тарапка парламенттик шайлоолорго эл аралык байкоочу катары өз өкүлдөрүн жөнөтүүнү сунуштаган. Ошондой эле Словенияны 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өтүүчү “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитине катышууга чакырган.

Өз кезегинде Таня Файон Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктерин жогору баалап, өлкөгө алдыда өтө турган шайлоолордо ийгилик каалаган.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн дипломатиялык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө келишимге, ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Словениянын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин ортосундагы 2026–2027-жылдарга карата Кызматташуу программасына кол коюшкан.

Scroll to Top