Кыргызстан менен Түркия өз ара сооданын көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

18.09.2025 | 14:27

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү. Жыйын өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында тараптар эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүү жалпы максаттардын бири экенин билдиришти.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Кыргызстан түрк тарапка биргелешкен логистикалык борборлорду жана сертификациялык сайттарды түзүүнү сунуштай турганын билдирди. Анын айтымында, бул Кыргызстандын продукциясы Түркиянын базарына гана эмес, ал аркылуу Европа базарына дагы тез жана ишенимдүү чыга алат. Ошондой эле ал эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык туруктуу өнүгүп жатканын, бул жааттагы кызматташууну улантуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз көптөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтуларын белгиледи. Ал ошондой эле өлкөгө түрк инвестициясынын мындан ары да көбөйүшүнө ишеним билдирди.

Жыйындын жыйынтыгында экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү жана башка тармактардагы иш-чараларды камтыган негизги Иш-чаралар планы даярдалды.

Scroll to Top