Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Төө-ашууга бара турган айдоочулар дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу зарыл — министрлик
18.09.2025 | 14:35

Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек–Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда бүгүн кар жаады. Жол тейлөө ишканалары карды тазалап, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Каттамдар ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу айдоочуларды унааларынын дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды. Бул чара жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл экени белгиленди.