Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда Ниязбеков ИИМ эл аралык кызматташууга чоң маани берерин белгилеген.

«Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү — экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат», — деди ал.

Түркиянын ИИМинин башчысы Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү экенин белгилеген.

Түркиядан келген меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган Басма сөз кызматы борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>