Ош–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылууда
Кыргызстан менен Жапония кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар
07.07.2025 | 10:24

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде активдүү саясий диалогду колдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун алкагындагы аймактык өз ара аракеттенүү маселелерин карашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: кызматташтык, кыргыз-жапон