Кыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам Индиядан жаныбарларды жана продукцияны ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди
КР Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматы Индия Республикасынан тирүү жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды импорттоого убактылуу тыюу салды. Чектөө чаралары 2026-жылдын 28-январында күчүнө кирди.
Чечим Нипах вирусуна сезгич жаныбарлардын бардык түрлөрүнө, ошондой эле алардан алынган чийки затка жана азыктарга жайылтылат. Бул чаралардын негизги максаты ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоо жана кооптуу инфекциянын республика аймагына киришине жол бербөө болуп саналат. Мекеме жарандарды мал чарба продукциясын сатып алууда сак болууга, ветеринардык коштоочу документтерди милдеттүү түрдө көрсөтүүнү талап кылууга чакырат.
Учурда агрардык сектордогу кырдаал бардык келип жаткан жүктөргө мониторинг жүргүзүп жаткан тиешелүү кызматтардын толук көзөмөлүндө.
Эске салсак, 2026-жылдын 26-январынан тартып Кыргызстанда мамлекеттик чек ара аркылуу бардык өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдүн күчөтүлгөн режими иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө Нипах вирусун жуктурган учурлар катталган жок. Республиканын бардык медициналык уюмдарына бейтаптарды эрте аныктоо жана обочолонтуу алгоритмдери боюнча нускамалар берилген. Бийлик маалыматты ыкчам алмашуу үчүн ДССУ (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) менен туруктуу байланышта болууда.
Нипах вирусу оор зооноздук инфекция болуп саналат, анын табигый очогу — жарганаттар (крыландар). Адамга инфекция жуккан жаныбарлар менен байланышта болгондо, булганган тамак-ашты колдонууда же оорулуу адам менен тыгыз байланышта болгондо жугат. Оору дем алуу жолдорунун жабыркашы жана мээнин сезгенишинин (энцефалиттин) өөрчүү коркунучу менен мүнөздөлөт. Негизги белгилерине ысытма, курч баш оору жана дем алуунун кыйындашы кирет.