Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирди

22.01.2024 | 20:50

Кыргызстан Ооган өлкөсүнүн Герат провинциясындагы зилзаладан жабыркап, үй-жайсыз калган адамдарына жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин 11 унаасынан турган 111 тонналык жардамды 2023-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынан узатылган.

«Куткаруучулар коштогон 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк жана Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому Өзбекстан аркылуу өтүп, жеткирилди», – деп айтылат маалыматта.

Дээрлик, 2700 чакырым жол жүргөн “жардам кербенин” 5-декабрда Герат шаарына жакын жайгашкан Фаизабад кыштагынын жашоочуларына тамак-аш, кийим-кечелерин жана таркатып, медициналык жардамдарын көрсөтүштү. Жардамдын калганын жергиликтүү бийликке өткөрүшкөн.

Өз миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайткан куткаруучулардын коопсуздугун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлдөп турду.

[image_carousel source=”media: 204831,204832,204833″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top