Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстан ПЦР-тестинин мөөнөтүн 48 саатка чейин кыскартууну пландоодо
10.12.2021 | 10:44
Саламаттык сактоо министрлигине чет жактан келгендердин ПЦР-тесттеринин жарактуу мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин кароо тапшырылды. Мындай чечим коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы COVID-19 штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды. Ал министрлер кабинети мамлекеттик чек аралардын жабылышына каршы экенин, бирок алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Орусияда 8-декабрдан баштап коронавируска карата ПЦР тестинин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом