Кыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөт

20.02.2026 | 15:50

Кыргызстан Новосибирск шаарында сыйымдуулугу 20 миң тоннага чейин жеткен соода-логистикалык борборду курууну пландаштырууда. «Кыргызэкспорт» борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиевдин маалыматы боюнча, учурда ЕӨБ (Евразия өнүктүрүү банкы) менен биргеликте долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат.

Борбор кампалар, температуралык режими жөнгө салынуучу зоналар жана тез тоңдуруучу (шоковая заморозка) камералар менен жабдылат. Бул айыл чарба продукцияларын сактоого гана эмес, аларды сорттоого жана кайра иштетүүгө да мүмкүндүк берет.

Жаңы логистикалык түйүн товарларды Урал багытында, анын ичинде Екатеринбург, Омск шаарларына жана Россиянын башка аймактарына натыйжалуу бөлүштүрүүгө жардам берет. Муну менен катар Алматынын жанында ушундай эле борборду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат — ал үчүн 10-20 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Эки долбоор тең кыргызстандык продукцияларды, биринчи кезекте жашылча-жемиштерди аймактык базарларга жеткирүүнү оптималдаштырууга багытталган.

Scroll to Top