Кыргызстан шаар куруунун жаңы багыттарын талкуулады — Азербайжанда эл аралык форум өттү

Азербайжанда өткөн Үчүнчү Улуттук шаар куруу форумуна Кыргызстан да катышты. Иш-чара шаар куруу жана архитектура жаатындагы көп тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Кыргызстандын атынан форумга Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ал түркмөн тараптан Курулуш жана архитектура министринин орун басары Берди Халыков, азербайжан тараптан Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик комитетинин төрагасы, ошондой эле тажик тараптан Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Абдужабборри Назирзода менен жолугушту.
Тараптар шаар куруу тармагынын өнүгүү багыттарын, курулуштагы санариптик чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, жана тажрыйба алмашуу механизмдерин талкуулашты.
Жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, инновациялык ыкмаларды киргизүү жана заманбап шаар куруу чечимдерин ишке ашыруу боюнча макулдашуу жетишилди.