Кыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдөДекабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөтКыргызстанда советтик курулуш ченемдерин заманбап стандарттарга алмаштыруу пландалууда
Жолдо тартип бузгандар көбөйдү: 9 айда 900 миңге жакын айдоочу жоопко тартылды
17.10.2025 | 10:30

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айынын ичинде 898 миң 335 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Алардын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган — 12 448 айдоочу,
- ылдамдыкты ашырган — 135 141 айдоочу,
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 6 185 айдоочу,
- документсиз унаа башкарган — 11 716 айдоочу,
- автоээнбаштык кылган — 1 232 айдоочу,
- коопсуздук курун тагынбаган — 112 029 айдоочу,
- жөө жүрүүчүлөр жана мопед айдаган жарандардын эреже бузуу учурлары — 28 603,
- жол белгилерин жана чийиндерин сактабаган — 425 973 айдоочу.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 123 миң 303 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.