Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстан тамеки экспортун көбөйтүүдө
29.10.2025 | 11:09

Кыргызстан 2025-жылдын 9 айында 493 тонна тамеки жана тамеки калдыктарын экспорттоду. Ал эми 2024-жылы экспортко 636,5 тонна чыккан. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан тамекини Греция, Казакстан, Вьетнамга экспорттойт. Ал эми Орусияга тамеки калдыктары экспорттолот.
Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери дыйкандар менен талаа жолугушуусун өткөрүшкөн.
Анда жер маселеси, экспортко чыгуучу сорттор, жаңы технологиялар жана өндүрүштүн эффективдүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Ошондой эле анализ үчүн топурак үлгүлөрү алынып, сапаттуу өстүрүү боюнча сунуштар даярдалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика