Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө

23.07.2025 | 15:42

Кыргызстандын тоолуу аймактар боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова АКШда Глобалдык экологиялык фонддун жана Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик администрация кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдө климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн кыскарышы, суу коопсуздугу жана тоо экосистемаларын колдоо боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды. Кемелова “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” алкагындагы кыргыз демилгелерин тааныштырды.

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын глобалдык тоо маселелерин көтөрүүдөгү ролун жогору баалап, “Бишкек+25” саммитине даярдыкты колдоого даяр экенин билдиришти.

“Эл аралык уюмдар Кыргызстандын тоо маселелерин көтөрүүдөгү туруктуу позициясын жогору баалап, “Бишкек+25” саммитине даярдык жана мамлекеттик демилгелерди эл аралык деңгээлде илгерилетүү маанилүү экенин баса белгилешти”,-деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top