Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Себеби
23.07.2025 | 15:47
Бишкек мэриясы 1-октябрга чейин күндүн ысык мезгилинде, саат 10:00дөн 19:00гө чейин 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын шаар ичинде жүрүшүнө убактылуу тыюу салды.
Чектөө тез бузулуучу азыктарды, гуманитардык жардамды ташыган жана муниципалдык тапшырма менен иш алып барган унааларга тиешелүү эмес.
Мэрия жана ЖККБ күн сайын рейд өткөрүп, эрежени бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар