Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш Кудайберген
23.07.2025 | 15:14
Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген дүйнөлүк сахнада таанылуусуна “Мейкин Азия” фестивалы чоң түрткү болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Мен чоң сахнага болгон алгачкы кадамымды дал ушул фестивалдан баштагам. Ар кандай эл аралык фестивалдарга катыштым, бирок ‘Мейкин Азия’ мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Азыркы Димаштын өзүнө болгон ишенимин бекемдеген сахна ушул болгон. 18 жашымда ушул сахнага чыгып, колдоо тапканыма ыраазымын. Ошол кезде мага ишенип, колдогон кыргыз элине жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем”, — деди ырчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият