Кыргызстан үй-бүлөнү бекемдөө боюнча эл аралык демилгеге кошулду

Кыргызстан үй-бүлөнү бекемдөө боюнча эл аралык демилгеге кошулду

22-23-май күндөрү Стамбул шаарында Түркиянын үй-бүлө жана социалдык камсыздоо министрлиги тарабынан уюштурулган, президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан 2025-жыл – Үй-бүлө жылы деп жарыяланган алкагында, үй-бүлө институтун бекемдөө маселелери боюнча Эл аралык форум болуп өттү.

Форумдун жабылыш аземине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Биринчи айым Эмине Эрдоган катышты. Алар жыйынтыктоочу сөздөрүндө үй-бүлөнүн коом жана мамлекеттүүлүктүн негизи катары маанилүү ролун белгилешип, бул багыттагы эл аралык кызматташууну колдоорун билдиришти.

Форумдун катышуучулары үй-бүлө институтун бекемдөөнү камсыз кылган мыкты дүйнөлүк практикаларды жайылтууга багытталган биргелешкен стратегияларды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты.

Кыргызстан үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоп, эл аралык коомчулук менен тилектештигин билдирди.

Кыргызстандан форумга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров катышты. Ал өзүнүн сөзүндө үй-бүлөгө байланыштуу социалдык саясат боюнча Кыргызстандын позициясын баяндап, өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргызстан дайыма үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдоп келет. Биз салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо туруктуу жана ден соолугу чың коомдун негизи деп эсептейбиз. Ийгиликтүү тажрыйбаларды бөлүшүү менен катар, заманбап чакырыктарга жооп табуу үчүн биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу маанилүү», — деди Сабиров.

Ошондой эле ал үй-бүлө, гендер жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргызстандын позициясын айтып, өлкө бир катар эл аралык милдеттемелерге кошулуп, тиешелүү келишимдерди ратификациялаганын белгиледи.

Форумдун ишине 26 өлкөдөн профилдик ведомстволордун өкүлдөрү жана министрлер катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында үй-бүлөнү коргоо жана салттуу баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган негизги декларацияларга кол коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>