Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабия Королдугунун Башкы прокуратуралары кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Документке Бишкек шаарында мекеме жетекчилери — Максат Асаналиев жана Шейх Сауд бин Абдулла Аль-Муажибдин — жумушчу жолугушуусунун алкагында кол коюлду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар трансулуттук кылмыштуулук, терроризм, экстремизм жана коррупцияга каршы биргелешип күрөшүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Кол коюлган меморандум өз ара укуктук жардам көрсөтүү, алдыңкы тажрыйба менен алмашуу жана эки өлкөнүн прокуратура кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн негиз түзөт.
Көзөмөл органдарынын башчылары ошондой эле БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму жана Эл аралык прокурорлор ассоциациясы сыяктуу эл аралык аянтчаларда өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар укуктук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну жигердүү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.